2021-09-13

ЧЕТ ТИЛДИ (АНГЛИС, ОРУС ЖАНА НЕМИС ТИЛДЕРИ) БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖАНА ЧЕТ ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАГЫ ЖАНА RSC 003 ЖАНА RSC 004 КОДУНДАГЫ САБАКТАРДАН БОШОТУУ СЫНАГЫ ТУУРАЛУУ КУЛАКТАНДЫРУУ


2021-2022-окуу жылынын Даярдоо курсунун окуу календарына ылайык, 2021-жылдын 18-сентябрында өткөрүлө турган Чет тилди (англис, орус жана немис тилдери) билүү деӊгээлин аныктоо жана чет тилден бошотуу сынагы жана ошондой эле, 2021-жылдын 20-сентябрында өткөрүлө турган RSC 003 жана RSC 004 кодундагы сабактардан бошотуу сынагы e-ders платформасы же Google Classroom виртуалдык дарскана тиркемеси аркылуу онлайн түрдө өткөрүлөт.

 

1. СЫНАК КҮНДӨРҮ ЖАНА УБАКТЫСЫ

(Сынактар Кыргызстан убактысы боюнча өткөрүлөт.)

СЫНАКТЫН

КҮНДӨРҮ

ТҮРҮ

УБАКТЫСЫ

18/09/2021

ЧЕТ ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛИН АНЫКТОО ЖАНА ЧЕТ ТИЛДЕН БОШОТУУ СЫНАГЫ

АНГЛИС ТИЛИ

İNG 101 (орто кесиптик билим берүү программалары)

10.00 – 11.00

İNG 111

11.00 – 12.00

İNG 112

12.00 – 13.00

ОРУС ТИЛИ

RSC 103

13.00 – 14.00

RSC 104

14.00 – 15.00

НЕМИС ТИЛИ

-

15.00 – 16.00

20/09/2021

RSC 003 ЖАНА RSC 004 КОДУНДАГЫ САБАКТАРДАН БОШОТУУ СЫНАГЫ

RSC 003

10.00 – 11.00

RSC 004

12.00 – 13.00

 

2. СЫНАККА КАТТАЛУУ ШАРТТАРЫ

  • Чет тилди (англис жана немис тилдери) билүү деӊгээлин аныктоо жана чет тилден бошотуу сынагына бакалавр жана орто кесиптик билим берүү программаларынын студенттери катыша алат. Ал эми, чет тили катары үйрөтүлүп жаткан орус тили сабактарынан (RSC 103 жана RSC 104) бошотуу сынагына чет өлкөлүк бакалавр программасынын студенттери катыша алат.
  • RSC 003 жана RSC 004 кодундагы орус тили сабактарынан бошотуу сынагына орто кесиптик билим берүү программаларынын (Кесиптик жогорку мектептин даярдоо курсу) студенттеринен тышкары, милдеттүү түрдө орус тилин окуусу керек болгон Кыргызстандын жарандары, тагыраак айтканда даярдоо курсунун жана ошондой эле бакалавр программасынын студенттери катыша алат.

 

3. СЫНАКТАРГА КАТТАЛУУ КҮНДӨРҮ

Аталган сынактарга катышууну каалаган студенттерибиз 2021-жылдын 16-сентябрь (Кыргызстан убактысы боюнча) саат 17:00гө чейин элекрондук почта аркылуу сынак тапшыра турган тилге тиешелүү координаторлуктун электрондук дарегине аты-жөнүн, студенттик номерин жана Whatsapp номерин билдирүүсү абзел.

Англис тили координаторлугу

:

ydb.ingilizce@manas.edu.kg

Орус тили координаторлугу

:

ydb.rusca@manas.edu.kg

Немис тили координаторлугу

:

ydb.almanca@manas.edu.kg